Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Белгилүү акын, Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова 83 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу анын калемдештери билдирди.

Акын Гулсайра Момунова Ленинполь районуна караштуу Кең-Арал айылында 1937-жылы 30-декабрда туулган. 1955-жылы 30-декабрда Талас шаарында орто мектепти, 1960-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтун бүтүргөн.
1961–1969-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973–1993-жж. «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орунбасары, 1993-жылдан республикалык маанидеги персоналдык пенсияда.

Биринчи ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир катар поэтикалык кыргыз тилиндеги жыйнактардын, эки орус тилине которулган жыйнактардын автору, бир топ жамааттык котормолордун авторлошу.

И.Жакановдун «Возвращенная песня» повестин кыргыз тилине которгон (1973). Очерктери, публицистикалык макалалары басылмаларга жарыяланып келет. Кээ бир ырларына музыка жазылган. 1996-жылы Түркияда өткөн Ата Мекенди даңктоо ырларынын эларалык конкурсунда «Боз үй» поэмасы «Куттуу апта» медалын жеңип алган. 1971-жылдан Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.

1987-жылдан «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган. 2001-жылы «Эр Манас урпагы» медалы менен сыйланган, 2003-жылы «Түгөлбай Ата» адабий сыйлыгынын лауреаты болду. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамын алган.