Саясат

Кыргызстан Белоруссиядан Данияр Үсөновду кармоону талап кылды

Кыргызстан Белоруссиядан Данияр Үсөновду кармоону талап кылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап эл аралык издөөдө жүргөн, Кыргызстандын соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун 10-августта мамлекеттик иш-чарада эл алдында жүргөндүгү тууралуу түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

Мындай мамилелер Кыргызстан жана Беларусь мамлекетинин ортосундагы достук мамилеге терс таасир бере турганы элчинин көңүлүн бурду.

КРнын Тышкы иштер министрлиги тиешелүү нотаны тапшыруу менен беларусь тарапты кечиктирилгис чараларды көрүүсү менен тез арада аталган инсанды жана ага тиешеси барларды кармоо жана андан ары экстрадициялоого чакырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button