Коомдук ишмер, теле алып баруучу, “Добра” штабынын жетекчиси Ассоль Молдакматова, Россиялык теле алып баруучу Артур Цветковго видео кайрылуу жолдоду.

“Бүгүн мен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Азаматович Айдарбековго кечээ Москвада болгон жаңжал жөнүндө кайрылдым. Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлиги теле алып баруучусу Цветковдун мындай чыдамсыз аракеттерине көңүл бурбай койбойт, Кыргызстандын жаранына акаарат келтиргенин көз жаздымда калтырбайт деп ишенем!

Кечирим суроону талап кылабыз!

Артур! Көрсө, сизге маданият, этика үйрөтүлгөн эмес! Биз Кыргыз Республикасынын жарандары күнөө кылбайбыз! Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жарандары качан жана кайда кетээрин сиз чечпейсиз! Сиз өзүңүздү элге каршы чыгардыңыз жана бул эпос сизден кечирим сурамайынча бүтпөйт, андыктан өзүңүздөн күч жана чечкиндүүлүктү таап, өз убагында Кыргызстан элинен кечирим сураңыз!”-деп кайрылган.

https://www.instagram.com/tv/CD0Mgc4niLP/?igshid=xml6ls19051v