Бейшемби күнү Монголиянын улуттук авиакомпаниясы MIAT өткөн айда бортто төрөлгөн эгиз кыздарга жана алардын апасына өмүр бою акысыз учууга билеттердин сертификатын берди.
Белгидүү болгондой, эгиздер 9-июлда Түркиянын Стамбул шаарынан Монголиянын борбору Улан-Баторго чартердик рейс менен учуп баратканда жарык дүйнөгө келишкен. Алар убактынан эки ай мурун төрөлүшкөн. Бүгүн, 13-августта, кыздары менен апасы Улуттук жугуштуу оорулар илимий-изилдөө борборунда изоляциядан үйүнө чыккан.
Учурда балдар жана алардын 42 жаштагы апасы ден-соолугу чың. МИАТтын маалыматы боюнча, бул Монголияда жарандык авиациянын тарыхында экинчи жолу учуу учурунда жарык дүйнөгө келгендер. Биринчиси 1966-жылы АН-24 учагынын бортунда төрөлгөн. Азыр ал 54 жашта.