Коом

Кайрымдуулук баарынан маанилүү деген жеке ишкер Исманали Жороев…

Жашоодо жакшылар бар болгону үчүн, дүйнөдө тең салмактуулук сакталып турат.  Алдым жуттум заманда, сенден мен өтөм, каратып туруп тартып алуу, элдин ырыскысын тоноп качуу деген убакта, эл ичинен суурулуп чыгып, жакшылык жасаган инсандар көп. Алардын бири Лейлек районунун  кулуну  Жороев Исманали Эгембердиевич!

Тагдыр адамга күтүлбөгөн белектерин камдап турат. Каарманыбыз жаш кезинде ата-энеси эки ажырым жолго түшөт.  Турмуштун түркүн тузактарын таэнеси  Убадат апанын берген тарбиясы, таалими аркылуу  жеңип чыгат.

Элибизде уяда эмнени көрсө учканда ошону алат деген кеп бар. Убадат Абдураим кызы жаш кезинен эл башкарып,  Согуштун катаал күндөрүн башынан кечирген айым болгон. Дал ушул таэнесинин таасири астында, такшалып, жокчулукту жон териси менен сезип, кайрымдуу болгон канчалык маанилүү экенин туюп чоңойот. Убадат апа неберелеринин билим алуусуна көңүл бөлүп, билим алуусуна кам көрөт.

Исманали Жороев, 2007-жылы Баткен мамлекеттик университетинде тарых факультетин, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМине караштуу Эргеш Алиев атындагы академиясынын юриспруденция адистигин, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн.

Өзүнүн эмгек жолун 2006-жылдан Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлигинде инспектор болуп баштаган. 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчисинин жардамчысы, 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде консультант болуп иштеген. 2015-жылдан тартып ушул күнгө чейин “Илек Строй групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болуп эмгектенип келе жатат.

Талыкпай эмгектенип мээнети менен тапканынан кичи мекени Лейлек ройонунда, таенесинин урматына  «Абдураим кызы Убадат»  деген ат менен маданий-диний билим алуу жайын ачат. Аталган окуу жайда учурда бир топ жаштар билим алууда.

Исманали Жороевдин өзгөчө баса белгилеп, көкүрөк кага сыймыктануу менен айта турган жагдай бул, карантин мезгилинде элине жасаган жакшылыгы.  Лейлек районуна үч тез жардам унаасын, Ак-Суу айыл аймагындагы аймактык оорукананын бөлүмүнө 15 000 АКШ долларындагы суммада тез жардам унаасын, Исфана шаарынын аймактык ооруукана бөлүмүнө 15 000 АКШ долларындагы тез жардам унаасын, Сүлүктү шаарынын аймактык оорукана бөлүмүнө 15 000 АКШ долларындагы суммада тез жардам унаасын алып берип, калктын жашоо турмушунун оңолушуна өзүнүн жардамын берип келүүдө. Мындан сырткары, азык-түлүк, ун, консентраторлорду, дезинфекциялоочу каражаттарды, коргоочу кастюмдарды сатып берди. Алты балалуу айым алапайын таппай кыйналып турганда цемент түшүрүп берип жардам берди. Өзүнүн туулуп киндик каны тамган айылына балдар бакчасын  ачып берди. 

Эшигин көрүп төрүнө өт деген. Азыр Лейлек районун кире беришинде керилип арка турат. Дал ушул жер да Исманали мырзанын арты менен ишке ашты. Учурда ал жерге жаңы үйлөнгөн жаштар сүрөткө тушүп, жакшы бир эс алуучу жайга айланып бараткандай.  Дал ушундай эл үчүн кам көрүп, көмүскөдө көрүнбөй отуруп калбай, жең түрүнө жардам берип, элин камын ойлогон патриот инсандарды азыр барктап, журт атынан ыраазычылык айтпасак анан качан айтабыз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button