15-августка карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

• Бишкек ш. – 2
• Ош ш. – 1
• Баткен облусунда – 4
• Ысык-Көл облусунда – 1
• Чүй облусунда – 1
• Ош облусунда – 3

Ал эми бир суткада 9 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 18 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3018 учур катталды, алардын ичинен 2315 медкызматкер айыгып чыкты.