Коом

Аалы Туткучов Сабырбек Жумабеков тууралуу катуу айтты

Төкмө акын Аалы Туткучов кыргыз элинин сыймыгы, ортопед Сабырбек Жумабеков тууралуу кезектеги постун жарыялады.

Бирөөгө өтө оор операция жасоо керек болуп Сабыр Жумабековго кайрылышат. Операция оор болгондуктан колдонуучу каражаттары 3000$ турат, алып берсеңер бекер жасап берээрин айтат. Бейтаптын туугандары Кыргыз медицинасынан шекшип, Алматыда 6000$ га эң мыкты жасайт экен, сапаты жакшы үчүн акчасы кымбат ко-дешип, Алматыдан жасатат. Операция ийгиликтүү бүткөнүн угуп, ыраазы болгон туугандары беткапчан чыгып келаткан врачты коридордон тосуп, ырахмат айтышат. Врач кичи пейилдик менен ийилип бет кабын чечсе Сабыр Жумабеков экен.
Башка өлкөлөрдүн суранып чакыруусу менен барып операция жасап, лекция окуп тураарын билебиз. Көрсө, биз баркын билбей жаткан бул адам, атанын гана уулу эмес Азиянын, эненин гана уулу эмес Европанын уулу болуптур да.
«Басмайылдын кысканын,
Ээси билбейт ат билет.
Эр жигиттин кадырын,
Эли билбейт жат билет»-деген ушул го. Кошунанын коло шакегине кызыкпай, колубуздагы алтынды баалай билели.
Байкенин наамдарын жазсам өтө көп экен, узун текстти жаштар окубай койот-деп жазган жокмун.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button