Коом
Бир суткада 14 дарыгер коронавирус жуктурду
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 3
• Чүй облусунда – 1
• Ош ш. – 1
• Баткен облусунда – 6
• Жалал-Абад облусунда – 3
Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 7 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3059 учур катталды, алардын ичинен 2372 медкызматкер айыгып чыкты.