Коом
COVID-19: Бир суткада 9 дарыгер вирус жуктуруп, 1 адам көз жумду
24-августка карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми Бишкек шаарынан бир адам коронавирусдан каза тапты.
Вирус жуктуруп алгандар:
• Бишкек ш. – 1
• Баткен облусунда – 2
• Жалал-Абад облусунда – 6
Ал эми бир суткада ооруканалардан жана үй карантининен айыгып чыгарылган медициналык кызматкерлер жок.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3101 учур катталды, алардын ичинен 2385 медкызматкер айыгып чыкты.