Саясатчы, «Мекенчил» партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев баары мыйзам чегинде болушу керектигин айтып, коомчулука кайрылуу жолдоду. Анын айтымында, мыйзамды бузган партия шайлоодон четтетилиши керек.

«Урматтуу эл журт! Эгерде кайсыл бир партия мыйзамдын көрсөтүлгөн чегинен чыгып, туура эмес аракеттерди баштаса, көз көрүнөө бузулган , тебеленген мыйзамды коомчулук, эл өкүлдөрү көрсөтүп чырылдап турса да, БШК болсо ошол бузулган мыйзамды көрүп-билип туруп мыйзамсыздыкты четтетүүгө барбаса, анда коомчулукта өтө чоң нааразычылык пайда болот.

Ошондуктан баары мыйзамды чегинде болуу керек;
1. Мыйзамды бузган партия сөзсүз түрдө мыйзамдын чегинде жазаланышы жана шайлоодон четтетилиши зарыл.
2. Мыйзамды бузууга жол берген тийиштүү мамлекеттик органдын кызматкерлери жоопко тартылышы керек.

3. Беш жылга элдин үмүтү, ишеничи, келечеги менен шайлана турган мамлекеттик же чоң парламенттин шайлоосу башынан эле мыйзам бузуу менен башталбашы керек.
4. Эгерде ушул убакта мыйзам бузууларга бөгөт коюлбаса,анда беш жыл өтө катаал болуп мамлекеттик түзүлүшкө доо кетпеши зарыл.

Ошондуктан бардык бийлик бутактары толук мыйзамды сактоо менен парламенттик шайлоону калыс,адилеттүү өткөрүүгө милдеттүү болушу шарт»,-деди К.Ташиев.