Коом

Талас облусунда калкты пландык эмдөө иштери кызуу жүрүүдө

Облустун иммунологу Чолпон Сагындыкова билдиргендей, Таластагы айрым айыл өкмөттөрдө калкты эмдөө иштери 60%га аткарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

“Быйыл календардык планга ылайык эмдөө иштерин өз учурунда баштадык. Бирок COVID-19 илдети күчөп, июль айында калкты вакцинациялоо басаңдай түштү. Учурда Талас облусу боюнча 1 жаштагы балдар 40%, 2 жаштагы балдар 37%, 6 жаштагы балдар 38% эмделип бүттү. Сентябрь-октябрь айларында дубандын жашоочуларынын 90% эмдөөгө аракет кылабыз. Учурда облус боюнча мобилдик топтор үймө-үй кыдырып, даректүү эмдөө жүргүзүшүүдө”, — деп белгиледи Ч.Сагындыкова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button