Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишмердүүлүгүндө чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу көптөгөн мекендештерибизге наам берилмекчи.

Сыйлык алгандардын арасында жашы бир топко барып калса да эмдигиче наамы жок ырчылар Малик Аликеев жана Токтобүбү Черикчиева “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамын алмакчы болушту.