Бүгүн, 28-августка караган түнү Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болжол менен саат 01:00 чамасында 7-Апрель көчөсүндөгү «Мото-хаус Перцы» эс алуучу жайынын жанында болгон. «Хонда Фит» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, бакты сүзгөн. Анын кесепетинен унаа оодарылып, бир киши каза болуп, үч адам жабыркаган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.