Айрым партиялардын өкүлдөрү өздөрүнүн өтө эле эркек сезип, эркекке мүнөздүү деп оройлук, ырайымсыздык сапаттарын коомчулукка шардана кылганды ушундай бир жакшы көрүшөт. Айрыкча, «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев сыяктуу илмийген немелер.

1-сентябрь күнү Жогорку Сот БШКнын «Кыргызстан» партиясын каттоону калыбына келтирүү тууралуу биринчи инстанциядагы чечим боюнча даттануусун карады.

Соттун айланасына «Кыргызстан» партиясынын миңдеген тарапташтары, ошондой эле «Ата Мекен», «Чоң казат» партияларынан каршылаштары жана башка активисттер да чогулушту.

ЖМК өкүлдөрү жазып чыккандай, Токтогазиев деген неме «Кыргызстан» партиясынын жактоочуларына келип алып, “эмнеге келдиңер, кантип келдиңер” деген сыяктуу суроолор менен чагым чыгарууга аракет кылды. Дагы жакшы, «Кыргызстан» партиясы чагымга алдырбай, анын жөн кетип калуусун суранышты. Бирок Токтогазиев көгөрүп болбойт. Анан милиция келип, кийлигишүүгө аргасыз болду. Милиция партиянын каршылаштары менен тарапташтарын ажыратып, ортого дубал болуп туруп берди. Тартип сакчылары мулжулуңдап, ар бир сөзгө жооп кайтарган талапкерге коомдук тартип үчүн жоопкерчиликтүү экендиктерин, ал эми акциянын катышуучулары чагым чыгарбашы керектигин жапжакшынакай түшүндүрүп беришти.

Кызык? Токтогазиев оппоненттерине эмне максатта басып келди экен? Алардын позицисы туура эмес экендигин түшүндүрүш үчүнбү? Же болбосо «Ата Мекенге» БШК жана сот имараттарынын айланасында митинг уюштуруп, аларга басым жасай берсе болот дагы, а башкаларга өз кызыкчылыктарын коргоого тыюу салынганын айтканыбы? Токтогазиев болгону аларды теңирейип теңине албай, алкомагнаттын акчасына сатылып алынган мал катары эсептесе керек. Өзүн болсо тим эле Кудайга теңеп, даанышман жана адилет күрөшүүчү катары санайт экен.

Токтогазиев өзүнүн пастыгын, агрессивдүү мүнөзүн буга чейин да көрсөтүп келгени белгилүү эмеспи. Бир журналисти беш мүнөттө «тытып коём» дегени али да эсте. Бул жолкусун колу кычышканынан «Кыргызстандын» өкүлдөрүнө тийише албай араң турду. Токтогазиевдин «устаты» Текебаев да учурунда журналист Эрниз Кыязовду коркутуп, Алмазбек Атамбаев менен да чырдашып жүрүп, акыры өзү түрмөгө түшкөнүн баарыбыз билебиз. Эми азыр Текебаевдин жели чыгып, койдон жоош болуп калган кези.

Токтогазиев Текебаевдин башынан өткөндөрүнөн сабак албай, «устатынын» жолуна түшүп алганы өкүндүрөт. Анысы аз келгенсип, «Чоң казаттын» өкүлү Сыймык Жапыкеев деген неме менен да мамилелешип, анын чагымчылдык аракеттерин да үйрөнүп алыптыр.

Бийликтин бир бучкагы үчүн каршылаштарын “тытып, жешкенге” даяр турушат. Чын эле бул эрен парламентке келип калып, депутаттык мандатка ээ болуп, манчыркап чыга келсе эмне болот? Кокууй, эгер андай болуп калса, башын оорутуп отурбай эле баарын чекесинен кырып салат го…