Zoom Онлайн конференция тиркемесинин   негиздөөчүсү Эрик Юан бир күндө 5,2 миллиард доллар иштеп тапты. Анын байлыгы 22 миллиардга жеткен, деп жазат Bloomberg.

Zoom компаниясынын акциялары 31-август, дүйшөмбү күнү кварталдык киреше отчетун жарыялагандан кийин 32 пайызга жогорулады, бул жылдык көрсөткүчкө салыштырганда 355 пайызга жогорулап, 664 миллион долларды түздү. Компаниянын таза кирешеси дээрлик 186 миллион долларды түзгөн. Zoom компаниясынын кардарлар базасы 2019-жылга салыштырмалуу 458 пайызга көбөйүп, 370,2 миң компанияны түздү.