Пандемияда кимдин ким экени билинип, төбөсү көрүнгөнү деле карапайым адамдар элге кол сунуп бир катар жардам берип жатышты. Анын арасында Райымбек Матраимовдор дагы четте калбай, элге бир топ жардамын көрсөттү. Кээ бирлери андан саясат издеп, элге анын дарегине ар кандай сын пикирилерди жаздыртып, жаманатты кылгандар да болду. Эркин журналист, публицист Мелис Арыпбек айтылган сындарга өз оюн төмөнкүчө билдирди.

Мен Фейсбукка “Ой-пикир бөлүшсөм болобу?” – деп, ой толгоо жазып,  Матраимовдор жөнүндө өз оюмду ортого салгам. Ааламаттуу апаат башталгандан баштап, мекени үчүн материалдык жардам көрсөтүшүп, пандемиядан жабыркагандарга обсервация  ачышып,  ооруканаларга алынбай калгандарга баардык шарттарын түзүшүп, нечендеген вируска чалдыккандардын өмүрлөрүн сактап калгандарын баса белгилегем.  Мунун эмнеси жаман?

Кара кылды как жарган, калыстыгым үчүн, мени айрымдар төө бастыга алышып, “Раим миллионго сатылыптыр, чөнтөгүн акчага толтуруптур…” деген сыяктуу сөздөрдү жазып, мени  шыбап жазгандарына күбө болдум. А бирок, ал үчүн кейиген жокмун.  Бирок, ак менен каранын айырмасын билбегендерге, жооп жазууга мажбур болуп турам. Чындыгында, бир тууган Матраимовдор элдин башына кырсык келип, күнүнө жүздөн ашуун өмүрлөр кыйылып жатканда чоң жардам кылды. Бул апаат чыны менен элдин эсин оодарды. Илдеттен каза болгондорду тууган уругуна көрсөтпөй көмүп, элдин үрөйү учуп не кылар айласын таппай турган кезде бир тууган Матраимовдор  элге колдоо кылып, Кыргызстандын бардык аймактарына керектүү азык-түлүктөрдү тонналап жеткирип берип, карайлап турган карапайым калкка жардам берди. Азыр аларды жээрип, оң-тескери кептерди айтып жатышат. Чынында ошол кезде кайсыл капчыктуу көпөстөр элге Матраимовдорчолук жардам беришти эле?

 Менин Матраимовдорго урмат-сый кылаар, алардын эмгегин калыстык үчүн айтып коё турган жөнүм бар.  Элди каптаган илдеттен келинчегим дал ушул Матраимовдор ачкан “РИХСОН” аттуу мейманканадагы овсервациядан абалы оор болсо да, 15 күндө сакайып чыкты.  Дарыгерлер чуркап карашып, медайымдар мүнөт сайын бөлмөлөргө киришип, уколдорун алмаштырып сайып жатышып, ошол жакка кайрылган 100дөгөн адамдардын баарысы аман-эсен үйлөрүнө кайтышты. Бул, айкөл биртуугандардын көптөгөн обсервацияларынын бирөө  эле. Андайларды Ош, Бишкек жана башка жерлерде толтура ачышып, адамдардын ажалына араачы түшүштү.  Таңгалганым Матраимовдор тууралуу  терс пикир айткандар көрүп турса да, көрмөксөн, билмексен болуп жатышат.

Бир эле мисалды келтирейин. Ошол коронавирус күчөп турганда сагызгандай сайраган Адахан Мадумаров элдин башын айлантып: “Эч кандай вирус жок, атайын акча жасаш үчүн ойлоп табылган афёра…” – деп сайрап, “менин үйүмдө 1 кил макарон, 1 кил күрүч, 1 кил кумшекер, бир литр май жок” – деп жанын жеди.  Эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кирген олигархтардан алдыңкыларына бир миллион доллар, ортончуларынан жарым миллион доллар, ал эми Турсунбай Бакир уулунан да акча сурап,  шайлоого баратканы жалганбы?

Адаханга токтотулуп жатканымдын себеби, кечээ эле үйүндө жарты наны жок жалдырап, жабыркап ачка олтурган Адахан беш миллион акчаны БШКга кайдан таап төлөдү? Дал ушул Каркыра жайлоосун, Сохту, Баткендин далай жерине кол койуп саткан ким эле? Спикер болуп, анан  Коопсуздук боюнча катчы болуп турганда Адахам кол коюп, парламентте ратификациялашпады беле. Ошентип Кыргызстанды кемирип кесип саткан Мадумаров, анан кайсыл бети менен менчик партиясын “Бүтүн Кыргызстан” – деп атайт?

Эгерде Адахан Мадумаров чын дилинен кыргыз эли үчүн күйсө, вирус элди кырып турган учурда, жок дегенде бир жабыркаганга дары-дармек сатып берет эле го. Дары алып бермек турсун,  элдин кырылганына түздөн түз себепчи болду го “коронавирус жок эле жок” – деп какшап жатып.

Дагыда болсо  миңдеген жакырларга учурунда азык-түлүк менен камсыз кылып, миңдеген илдетке  чалдыккандарды обсервацияда ачып,  элди өлүмдөн сактап калган биртуугандардын эмгектерин, эрдигин калыстык үчүн жазып жатсам, эмнеге мага асылып жатасыңар ичитар, көкүрөгү сокур көралбастар?  Мен бул биртуугандардын бирин да тааныбайм.  Эгерде Матраимовдордун бирөөсү мага байланышка чыгып, учурашса мен бир эле маселени чечип бергиле  деп суранмакмын.  Ал эмне дебейсиңерби? Элмирбек Иманалиевдин өткөнүнө 132 күн болуптур. Ушул аралыктын ичинде, мен “Элесиң элдин эсинде, Эл акыны Элмирбек” аттуу даректүү китеп жаздым. Дал ошол китепти чыгарууга жардам бергиле – деп өтүнмөкмүн.

Ушул китеп жарык көрүп калса,  ал китеп Элмирбекке эмес,  анын замандаштары бизге жана болочок урпактарга аба-суудай керек болот эле. Учурунда мен ырдын пири Ырысбай Абдыкадыров жөнүндө да эки том китеп жазып чыгаргам. Экинчи китебин чыгарууга азыркы  ажобуз Сооронбай Жээнбеков колдоо көрсөтүп, “Ыр дүйнөң чексиз керемет, Ыраалам толкуп термелет” аттуу даректүү китеп жарык көргөн. Андыктан ажообузга чоң ырахмат. Муну да адилеттик үчүн айтып жатам.  Бул үчүн дагы мага асылбагыла.  Себеби, Сооронбай Шарипович “Ырысбай Абдыкадыров фондунун” негиздөөчүсү.

Улук залкарлардын өмүр баяндары жалпыбызга аба-суудай керек.

Көрөалбастар мени каралап шыбасаңар да, жок дегенде, менин жазгандарымды талдап, акыл калчап, анан мага асылбайсыңарбы?

 Мага асыласыңарбы, ичиңер күйүп жарыласыңарбы ал силердин ишиңер урматтуу менин фейсбуктагы досторум. Бирок, мен жазгандардын  адилеттүү, акыйкаттуу жагы бар. Прокурор, сот болуп, эч далили жок эле, каралап, Матраимовдорду кууруй бергенде силерге мүйүз чыгабы? Чынын айтканда, сындап, каралап жаткандар элибизди ааламат каптаганда, ушул биртуугандарга окшоп, жок дегенде бир жетим, жесирге, жакырларга кол сунуп, жардам көрсөтө алдыкпы? Жок да. Туурабы? 15 миллион жардам бергендерди  атабаганда Матраимовдорчолук эч ким жардам берген жок. Көралбастыктын дагы, каралоонун дагы чеги болуш керек, туугандар.  Мени канчалык “сатылды” – деп караласаңар да  мен жалпыңарды сыйлап жакшы көрөм, алп акын Саяковскийди баш кылып. Оорубагыла! Жалпыбыз атайын таратылган ушак-айыңдардан алыс бололу. Көңүлдөн ыйык эч нерсе жок. Ойноп сүйлөсөк да, ойлонуп сүйлөйлү. Кандай дейсиңер замандаш мекендештер?

Баса, мен Түштүктүн кулуну эмесмин, Матраимовдорду колдоп, кошомат кылгыдай. А бирок, адилеттик баарынан ыйык жана бийик экенин билем.  Мен аркалык сайакмын. Болгондо да жумгалдык эки “СС” эмес, Жети “С” сайакмын. Чечмелеп берейин: Современный, суверенный, сверх супер, Сант-Петербургский, Советский, сагынычтуу, санжыргалдуу Сайакмын. Асылгандарга башыңарга тийген Тайакмын. Тамаша, капа болбогула…

Сатылбаган жана сатпаган Эркин журналист, публицист Мелис Арып-Бек