Саясат

Депутат Тынчтык Шайназаров БШКнын мүчөсү болуп шайланды

Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Шайназаров Тынчтык Урайимович Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө шайланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуштаган. Жыйынтыгында 81 депутат колдоп, 4 депутат каршы болду.

Буга чейин БШК мүчөсү Назарали Арипов өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Тынчтык Шайназаров кесиптештерине ыраазычылык билдирүү менен, жакында өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганын айтты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button