Нурзат Токтосунова Темирболотовна 1983-жыл 2- июль Ысык- Көлдүн Түп районунда төрөлгөн.

–кыргыз, орус, англис, түрк тилдерин билет.

–2 жогорку билимдүү. Азыр үчүнчү университетте аспирантурада окуп жатат. Манас таануу багыты боюнча кандидаттык ишин жазып жыйынтыктоодо.

–Эл аралык «Ататүрк- Алатоо» университетинин «Эл аралык мамилелер» факультетин жана Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы исскуство университетинин «Социалдык- маданий ишмердүүлүк» бөлүмүн аяктаган.

– КР ардак грамотасын алган. «Маданияттын мыкты кызматкери», «Кыргыз тил» төш белгилеринин ээси. Кыргыз Республикасынын маданият маалымат жана туризм министрлигинин, Кыргыз тил комиссиясынын жана КР Коомдук телерадио корпорациясынын ардак грамоталарынын ээси. Түп районуна кошкон салымы үчүн райондук ардак грамота жана «Сахна ажары» сыйлыгы менен сыйланган.

–АКШнын мамлекеттик департаментинин IVLP программасынын бүтүрүүчүсү.

– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ШОС, ОДКБ, Элчиликтердин ачылуусу, ж.б. жүздөгөн эл аралык конкурс, фестиваль, форумдарды Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө 4 тилде алып барган.

–2012- жылы КР Илим жана билим министирлигинин уруксаты менен «НУР академиясын» негиздеп, региондорго чейин барып, ораторлук чеберчилик, инсандык өнүгүү, сынчыл ой жүгүртүү боюнча сабактарды өтүп, уядан миңдеген өзүнө ишенген билимдүү жаштарды учуруп келет.

–Командасы менен коомдун өнүгүүсү үчүн ишке ашырган долбоорлору:

«Энелер мектеби», «Өзгөчө мугалим», «NUR балдары», «Билим куржуну», NUR WAY, NUR ONLINE, NUR EVENT ж.б.

–6 жыл КТРКда редактор жана алып баруучу, 5 жыл Маданият министрлигинде башкы адис болуп иштеген. Жалпы мамлекеттик иште тажрыйбасы 11 жыл. Учурда NUR академия менен биргеликте, Алатоо университетинде журналистика факультетинде мугалим.

–JIA бизнес ассоциациясынын мүчөсү. «Марал ФМ жана 24 тв ТРКда байкоочу кеңештин мүчөсү.

–Девизи: «Мамлекет мага эмес, мен мамлекетке эмне кылдым?»

– Үй- бүлөөлүү, бир кыздын апасы.