Коом

Дааратканага барган өспүрүм баланы жылан чагып алды

Жүрөк үшүн алган окуя Таиланддын борбору Бангкок шаарынан 20 км алыстыктагы Нонтхабуриде катталды. 18 жаштагы Сирапхоп Масукарат аттуу өспүрүм дааратканага кирип, отурары менен жыныстык органы күтүүсүздөн катуу сыздып ооруткан.

Түшүнбөй секирип турган өспүрүм унитаздагы жыланды көрүп, шок болду. Баланы чаккан жыландын узундугу 1 жарым метрдей болгон. Өспүрүм жакын жайгашкан ооруканага жеткирилип, жараат алган жерин дарылашкан. Микробдор кирип кетпеши үчүн антибиотикалык дарылоо жүргүзүлгөн.

Өспүрүм: “Унитазга отураарым менен катуу сыздаткан оорутууну сездим. Карасам жылан турат. Жылан анча чоң эмес болчу, бирок катуу оорутту. Эртерээк айыгып кетсем экен деп жатам”, — деген.

Ал эми өспүрүмдүн апасы Сутапах бул тууралуу: “Аябай корктум, жыландын үйгө кантип кирип кеткенин билбейм, байкуш балам катуу коркуп калды. Ар бир дааратканага барган сайын бул жагымсыз окуяны эстеп кыйналат го”, —  деген оюн айтты..

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button