Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрь күнү Чүй облусуна иш сапары менен барды.  Министр Чүй облусунун ИИББнын жыйындар залында борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн башчылары, Чүй ОИИББнын ардагерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.   Бул тууралуу, ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлады.

Жыйында 2020-жылдын 4-октябрь күнү өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо,  ошондой эле мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдык иштери боюнча кабар алды. Ошону менен бирге мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча кызматкерлердин даярдыктарын сурап, ар бир кызматкер  шайлоо мыйзамдарына байланышкан өзгөртүүлөр жана толуктоолорду билүүлөрү шарт экенин эскертип, жетекчилер тарабынан окутууларды өткөрүү талаптарын койду.

Иш сапары учурунда министр Кашкар Джунушалиев Чүй ОИИББнин имаратында жайгашкан ИИМдин “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун иштеринен кабар алды. Андан кийин Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата райондору, ошондой эле Токмок шаарынын ички иштер бөлүмдөрүндө болуп, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттары жана оңдоп-түзөө жумуштары менен таанышып, милиция бөлүмдөрүнүн өздүк курамдары менен жолугуп, кызматкерлердин ички тартибин бекемдөө, кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле жарандарга сылык мамиле жасоо зарылдыгын эскертти.

Ошону менен бирге ИИОго кайрылган жарандардын арыздарына жана билдирүүлөрүнө мыйзам чегинде  өз убагында чара көрүүгө чакырып, жер-жерлердеги жетекчилерден ар дайым кызматтык ишмердүүлүктү жакшыртуунун үстүндө иш алып барууну талап кылды. Министр тергөө кызматкерлерине жана жоруктар иштери боюнча сотко чейин жүргүзүлгөн өндүрүш иштерин мөөнөттөрүнөн кечиктирбей чечимдерди кабыл алуу тапшырып, ал үчүн тиешелүү жетекчилик көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенине токтолду.