«Бишкек свет» муниципалдык мекемесин мындан ары Чодонов Айбек Кубанычович жетектейт. Ал тууралуу буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгонун мэрия билдирди.

Мурунку жетекчи Алимбек Абдылдаев Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри болуп дайындалган болчу.