Коом

Өкмөт октябрдан тартып пенсиянын көбөйөрүн айтты

Октябрь айынан тартып пенсиянын көлөмү 7 пайызга, тагыраагы 397 сомго жогорулайт. Мындай маалыматты өкмөт башчы Кубатбек Боронов  маалымат жыйын учурунда айтты.

Айтымында, 1-октябрдан тартып индексациялоо иштери башталат. Ага ылайык, орто эсеп менен пенсиянын көлөмү 6 миң 61 сомду түзөт. «Токтомго ылайык, бул иш-чара жыл сайын жүргүзүлөт. Пандемия шартына карабастан пенсионерлерди колдоого каражат бөлүнөт. 689 миң пенсионерди индексациялоого 827 миллион сом керектелет. Бюджеттен 75 миллион 200 миң сом, пенсия фондунун каражаттарынын эсебинен 752 миллион 600 миң сом бөлүндү», — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button