Өзгөндө офицер кокустан өзүнүн бутуна ок атып алды

175

Өзгөн районунда Аба коргоонуу күчтөрүнүн офицеринин бутуна ок тийди. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлады.

Кечээ кечинде ага лейтенант райондук ооруканага жеткирилген.

Башкы штабдлын айтымында, офицер куралды тапшырып жатып, кокустан бутуна ок атып алган.

«Ал дароо ооруканага жеткирилди. Абалы жакшы, ок этине гана тийген», — дейт Башкы штаб.

ИИМ: Өлкө аймагында “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн борборлор иштөөдө