Менин жашым 17де . Окууну быйыл бүттүм ОРТга дагы тапшырган жокмун. Окууга да тапшырбадым. Мен бир бала менен тааныштым ал бала токтоо мүнөз сөздү да орду мен сүйлөгөн сымбатту жигит экен . Ал мага турмушка чык деп колумду сурап жатат.

Апама айтсам «жок сен али жашсын турмуш деген эмне экенин биле элексин» деп жатат. «Сени турмушка узатууга да шартым жок , ал баланын ата энесин сураштырып билиш керек» деп жатат. Баланын ата энеси жакшы адамдар экен. А мен турмуш кандай болоорун билем түшүнөм мен чоңойдум апа десем да болбой жатат. Жумуштарды жасай алам баары колуман келет . Бирок апам жок деп жатат.

Апам атама айтпаптыр апа атама айтып сүйлөшүп көрүңүздөрчү десем жок өзүң айт мен атандын урушун уккум келген жок деп айтты . А мен атама кантип айтсам деп ойлонуп жүрөм.

Сураныч кенеш бериниздерчи. Турмушка чыксамбы же окууга тапшырып апамын айтканын кылсамбы. Атама эмне деп айтсам болот урушпай кенеш бериниздерчи.