Эл арасында «Ташчайнар» каймана аты менен таанымал болгон балбан Нурлан Алишеровго материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматынан билдиришти.

19-сентябрь күнү маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Нурлан Алишеровдон кабар алды.

Буга чейин ал оор абалда ооруканада жаткандыгы кабарланып, жардамга муктаж экендиги маалым болгон. Жолугушуу учурунда Нурлан Алишеровго ден соолугун чыңдоого зарыл болгон аракеттерди көрүү үчүн материалдык жардам тапшырылды. Бүгүнкү күндө Нурлан Алишеров өзүн жакшы сезип калгандыгын жана кийинки рекорддорду багындыруу ниети бар экендигин айтып, ал үчүн толук дарылануудан өтө тургандыгын билдирген.