Коом

ВИЧке тест тапшыруу боюнча жылдык өнөктүгү башталды

“СПИД” Республикалык борбору бейөкмөт уюмдардагы өнөктөштөрү жана ыктыярчылар менен биргелешип шаардын базарларында ВИЧке тест тапшыруу боюнча жылдык өнөктүгүн баштады. Каалоочулар сентябрь айынын ичинде саат 9:00дөн 15:00гө чейин тест тапшыра алышат. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Биз муну эмне үчүн жасап жатабыз?

ВИЧ эч жакка жоголгон жок, илдетти жыныстык жол менен жуктуруп алгандар көбөйүүдө. Дал ошондуктан адамдарды тест тапшыруу жана өз саламаттыгына кам көрүү маданиятына көндүрүү абдан маанилүү болуп турат.

Шаарда COVID19га байланыштуу кырдаал салыштырмалуу тынч болуп турган учурда эпидемиологиялык мүмкүнчүлүктөр үчүн бир аз шарт түзүлдү. Мындай кырдаал биздин системабыз үчүн “жеткиликтүү болбогон” калктын кайсы бир тобуна жетүүгө жол ачып атат.Бул акысызбы?

Тестирлөө акысыз жана анын маалыматтары купуя сакталат.Мен ийнеден корком да.

Ийнеден коркпосоңуз болот, Oral Quick деген тесттин жардамы менен ВИЧти шилекей боюнча аныктайбыз. Бул тестирлөө коопсуз жана аз убакытты алат. Тесттин жыйынтыгы 20 мүнөттөн кийин даяр болот.Макул, а силерди базардан кантип табам?

Карточкада иштөө тартиби жазылган, ал эми базарларда атайын машинени (көчмө мобилдик клиниканы) издешиңиз керек. Адатта биз базардын оозунда орун алабыз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button