АКШнын мурдагы президенти Барак Обама 23-сентябрда твиттердеги баракчасында өлкөнүн тургундары кимге добуш берүүнү пландаштырып жаткандыгын билүү үчүн, Твиттердеги баракчасына өзүнүн телефон номерин жазды.

Ал өзүнүн номерине текст түрүндө билдирүү калтырууну сунуштаган.

«Жаңы бир нерсе байкап көрөлү. Эгер сиз АКШда болсоңуз, 773-365-9687 номерине текст түрүндө билдирүү калтырыңыз. Мен иштериңиз кандай, оюңузда эмне бар жана бул жылы кимге добуш берүүнү пландап жатканыңызды билгим келет. Маалы менен сизге байланышып, өзүмдүн ойлорум менен бөлүшүп турам», — деп жазды ал. Белгилей кетсек, быйыл, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. Анда президенттик так үчүн 74 жаштагы Дональд Трамп жана 78 жаштагы Жозеф Байден ат салышмакчы.