Россиянын аралаш стилдеги мушкери (ММА) Хабиб Нурмагомедов атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон кийин депрессиядан кантип чыкканын айтты.

Мушкердин айтымында, ага тынымсыз машыгуу жардам берген, ансыз маанайы дароо начарлап, өзүн жаман сезээрин билдирген. Нурмагомедов кошумчалагандай, анын атасы дагы ошондой болгон. Досторунун айтымында, машыктыруучу ар дайым өзү менен кошо форма салынган баштыкты алып жүргөн жана кандай гана сапарда болбосун, биринчи кезекте машыгуучу зал издеген.


Эске салсак, Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов  57 жашында  3-июлда көз жумган. Ал апрелде коронавирус диагнозу менен ооруканага түшкөн. Өлүмдүн себеби оорунун өтүшүп кетүүсү болгон.