Коом

Кыргызстанда орточо айлык акылар жыл ичинде 9,4 пайызга көбөйдү

2020-жылдын январь-июль айларында бир айдагы номиналдуу орточо айлык акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 17 996 сом болду. Бул тууралуу КР Экономика министрлиги өткөргөн брифингде айтылды.  

2019-жылдын январь-июль айларына салыштырганда быйылкы жылда айлык акылар 9,4 пайызга көбөйүп, анын керектөөчү баалардын индекси менен эсептелген реалдуу көлөмү 3,5 пайызга өскөн.

Ал эми инфляциянын деңгээлин көрсөткөн керектөөчү баалардын индекси 102,2 пайызды (2020-жылдын августу өткөн жылдын декабрына карата) түзгөн.

Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2020-жылдын январь-августу 2019-жылдын январь-августуна карата) 105,6 пайызды түзгөн, ал эми 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2018-жылдын январь-август айларында инфляция 100,4 пайыз болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button