Коом

Нарын облусунун ички иштер органдары карылар күнүнө карата ардагерлерин куттукташты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө”  токтомун аткаруу жана 1-октябрь-Эл аралык карылар күнүнө карата  Нарын  жана Ак-Талаа районунун ички иштер бөлүмдөрү ардагерлерин куттукташты. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Нарын райондук ИИБдин начальниги Б. Токтакунов ардактуу эс алууда жүргөн  ардагери менен жолугуп, куттуктоо сөздөрүн айтып, акчалай сыйлыкты тапшырды. “Ардагерлердин милициянын жаш муунун тарбиялоодо салымы чоң. Сиздердин ички иштер органдарындагы басып өткөн жолуңар, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук тартипти камсыздоододогу ордуңар биз үчүн үлгү. Майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Балдырыңыздын төрүндө ар дайым аман болуп, сый-урматта жүрө беришиңизге тилектешпиз”,-деп РИИБ начальниги өз сөзүн жыйынтыктады.

Ошондой эле, Эл аралык карылар күнүнө карата Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери дагы өз ардагерлерин куттуктап, жылуу сөздөрүн арнашты. Ал эми, Ак-Талаа РИИБдин начальниги Ж. Талипов иш бөлмөсүндө алар менен жолугуп, майрамы менен куттуктап, ардагерлердин  ички иштер органдарындагы орду чоң экендигин баса белгиледи.  Андан соң, ардагерлер менен жолугушуу учурунда аларга сый тамак уюштурулуп, акчалай сыйлык тапшырылды.

Ушуга эле катар, Кочкор райондук ички иштер бөлүмү дагы майрамга карата ардагерлеринен кабар алып,   азык-түлүк тапшырышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button