Коом
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо добуш берди
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Азирети Муфтий жарандык милдетин Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы №95 орто мектебиндеги №1063 шайлоо участкасында аткарды.
Добуш берип чыккандан кийин Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирип, эл журтка амандык, биримдүүлүк каалады.