Бүгүн, 5-октябрда «Ала-Тоо» аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар тынчтык акциясына чыгышты.
Алардын катарында «Социал Демократтар», «Мекенчил», «Мекен Ынтымагы» саясий партияларынын тарапташтарын көрүүгө болот.  

Алар шайлоо шайлоонун жыйынтыгы мыйзамсыз экенин билдиришүүдө. Борбордук аянтка болжол менен 300дөй адам чогулду. 

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 16 саясий партиянын ичинен төрт партия 7 пайыздык босогодон өттү. Алардын ичинде «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы бар.