Бүгүн, 5-октябрда А.Малдыбаев атындагы Опера жана Балет театрынын астында, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар тынчтык акциясына чыгышты. Алардын катарында «Ата Мекен» жана «Республика», саясий партияларынын тарапташтары бар. 

Алар шайлоо шайлоонун жыйынтыгы мыйзамсыз экенин билдиришүүдө. Нааразычылык акциясына болжол менен 200дөй адам чогулду. 

Эске салсак, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 16 саясий партиянын ичинен төрт партия 7 пайыздык босогодон өттү. Алардын ичинде «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы бар.