Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. 

«Мамлекет башчысы Ак үйдөгү иш ордунда түнкү саат 2ге чейин болуп, баардык саясий күчтөр менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Президент нааразычылык акциясынын уюштуруучуларынын кыраакылыгына ишенет. Баардык саясий күчтөр өлкөдө тынчтыкты жана тартипти сактай алат деген ишенимин билдирет», — деди Стамалиева.