Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таратты.

Андан Жээнбеков кырдаалды көзөмөлгө алып, саясий күчтөр өзүнүн кызыкчылыгын өлкөнүн кызыкчылыганан бийик коюп, коомду бөлүп-жарууга жол бербейт деген ишенимин билдирген.

«Бардык күчүн өлкөнү укуктук талаага кайтарууга жумшоого багыттап жатат. Бул биринчи кезекте шайлоонун жыйынтыгы боюнча маселе. Мамлекет башчы БШКнын төраймына мыйзам бузууга байланышкан бардык материалдарды текшерип чыгып, жыйынтыгын жокко чыгарууга чейинки чараларды көрүүнү сунуштады. Тилекке каршы, кыргызстандыктар эки төңкөрүштүн баштан өткөрдү, тынчтык жана туруктулуктун баасы билет«, — деп айтылат маалыматта.

Андыктан Жээнбеков өлкөдө тынччылык камсыздоого бардык күчүн жумшап жатканы белгиленет.