Коом
Саат 08:00гө карата Бишкек шаарында абал тынч
Бүгүн, 8-октябрь саат 08:00гө карата Бишкек шаарында абал тынч. Учурда бардык коомдук транспорттор өз ишин аткарып, «Ала-Тоо» аянтында чогулган адамдардын тобу дээрлик жок. Ал эми «Тазалык» кызматкерлери өз жумуштарын аткарып жатат.
Белгилүү болгондой, кечээ, 7-октябрда жарандар бийликке кайра эле мурдагы жүздөр келип жатат деп «Ала-Тоо» аянтына митингге чыгышкан. Алар премьер-министрлик кызматка «Ата Мекен» партиясынын өкүлү Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөтүшүүдө. Өз кезегинде бул кызматка Садыр Жапаровдун дагы талапкерлиги көрсөтүлүп жатат.