Кыргызстандын энелери менен кыздары 5-октябрда каза болгон 19 жаштагы Алтынбек уулу Үмүтбектин элесине арналган «Ак жоолук» тынч жүрүшүнө чыгышты.

Белгилүү болгондой, демонстранттарды таркатуу учурунда, анын бутуна граната түшүп, анын өлүмүнө себеп болгон.

«Анын өлүмү бекер болгон жок! Өлкөнүн чыныгы патриотун тарбиялаганы үчүн энесине таазим! » — деди тынчтык жүрүшүнүн катышуучусу Гүлмира Абдыразакова.

«Ак жоолук тазалыктын жана кайгынын белгиси. Тополоң учурунда баласынан айрылган эненин кайгысын тең бөлүшөбүз. Биз өлкөдөгү бардык маселелер тынчтык жолу менен, зомбулук жана курал колдонбостон чечилишин каалайбыз ”, — деп кошумчалады Лейла Келдибекова.

Тынч акция өлкөнүн бардык аймактарында бир эле мезгилде өтүп жатат.