Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады.

“Урматтуу кыргызстандыктар! Өлкөдө кырдаал абдан оор. Өзүңүздөр көрүп турасыздар. Мына 3 күдөн бери мени иштетпей, иш  баштоого тоскоол болуп, ар кайсы күчтөр биригип алып,  колу бутум тушалган бойдон турат.  Же аппарат иштебейт, же башка структуралар  баш ийбейт. Бүгүн таң атпай саат беште мен Фейсбук баракчам аркылуу кайрылуу жасагам, ошол күчтөргө. Атамбаев, Бабанов, Суваналиев, Казакбаев ушулар боюнча кайрылуу жазганмын. Алардын кечээ күнү телефондон сүйлөшкөндөрүнүн баары менин колума келип түшкөн.  Ошондуктан мен аларга эртең андай кылбагыла деп жазганмын. Жаш балдар 2000-5000 сомго алданбагыла, мамлекетти жоготуп албайлы деп  кайрылуу жазганмын. Бирок кырдаал ушундай болуп  оорлошуп кетти”.

“Өлкөнү туруктуулукка келтирүү үчун баардык шарттарды айттым. Бирок тоскоолдуктарды жаратып жатышат. Ала-Тоо аянтына элди тукуруп алып келгендер Атамбаев, Бабанов, Суваналиевдер. Эгер алар тоскоолдук кылбаганда биринчи эле күнү кырдаалды оңдоп кетсе болмок.

Урматтуу кыргызстандыктар! Ар кандай провокацияларга алдырбаңыздар! Митингге чыккандар тынчтыкты сакташ керек. Мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучуна алып келбешибиз керек! Мамлекет өзүбүзгө керек!  Талап тоноочулукка барбагыла, талкалабагыла,  маданияттуу болгула! Кыйын кырдаал жаралганда тынчтык, сүйлөшүүлөр жолу менен чечели! Тынчтык жолу менен чечели деп кайрылуу жасагам, бирок аны угушкан жок”.