Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ички иштер министрлигинин госпиталына барып, 4-5-октябрь күндөрү өткөн митинг учурунда жарадар болгон кызматкерлердин акыбалын сурап, ар бири менен сүйлөшүп, ИИМдин жетекчилиги керектүү жардам бере тургандыгын билдирди.

Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин бейтапканасында жаткан кызматкерлер менен жолугушуу учурунда аларга бекем ден соолук каалап, бат сакайып кетишин каалады. Ошондой эле, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча түздөн-түз кызматтык милдеттерине аткаруу үчүн тез арада сакайып, жолдошторунун катарына кошулушуна тилектеш экендигин белгиледи.

ИИМдин Басма сөз кызматы