2020-жылдын 12-октябрь күнү Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте атайын графиктин негизинде көчмө кабылдама менен айыл аймактарды кыдырып келишти.
Анда өлкөбүздө болуп жаткан «COVID-19» илдетинин алдын алуу жана жайылтып албоо максатында баардык санитардык-карантиндик эржелерди сактоо менен эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле айыл тургундарынан арыз даттанууларды кабыл алышып, жеринен чечип берүүгө көмөк көрсөтүп жатышат.
Милициянын көчмө кабылдамасына 12 жаран кабыл алынып, 5 жаран жакшы ой пикирлерин калтырышкан.
Жумгал районунун аймагында мындай иш чара дагы да уланып турмакчы.
Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы