Премьер-министр Садыр Жапаров президент менен жолугушууга ден соолугуна байланыштуу бара алган жок. Бул тууралуу 15-октябрда Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Дастан Дүйшөкеев билдирди жана жолугушуу качан болору белгисиз экенин айтты.

Буга чейин айрым маалымат булактары Бишкекте Жапаровдун президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу өтүп, ага бир катар саясий ишмерлер да катышып жатышканын кабарлашкан.

Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган эмес.