Садыр, сени түшүнөм. Абалың оор. Элиңдин ынтымагы жок. Сөккөн жагынан, кошомат кылуу жагынан дүйнөдө биринчи орунду алабыз. Кыргыз салтын, каадасын, нарк-насилин, үрп-адатын, ырым-жырымын, макалын, эпосун, Манасын сактап калалы дегендер аз. Сага чейинки иштегендерди билесиң, кыргызчылыкты сактап калуу ойлоруна да келген эместир. Алар жешкен, уурдашкан, тоношкон, өлкөнү четинен кыркып сатышкан. Бирөөсү да таза эмес. Анан аларды актап, аялы кылган, баласы кылган, үкөсү кылган, шоопуру кылган дей беребиз. Ошолордун колу менен, сөзү менен иштеген хан дагы ханбы?

Бул жерде бир сыр бар. Өтө ыйык сыр!?Айтылгыс сыр!?Туңгуюк сыр!? Баары эле таза иштейм деп келет. Эл мененмин дейт. Иштеп баштагандан кийин элди унутушат. Алтындын үстүнө жатышары менен куйрук бүтөт. Анан ажыдаарга айланышат. Бул бирөөндө эле болгон жок. Баарында болду. Же биздин падышаларды сырттан бөлөк күч башкарат бекен? «Калк айтса калп айтпайт» дейт, балким, чындыр?Эми сен ошол эле Акаев, Бакиев, Атамбаевдерге чалып ошол сырды сурабайсыңбы?- Силер эмне үчүн ушу кичинекей өлкөнү дүркүрөтүп өнүктөрүп, өстүрө албай койдуңар?

— Ошончо байлыкка тойдуңарбы?- Жебей, уурдабай, кытпай-тытпай иштесе болот беле?Кантип?- Силер өлкөнүн жүгүн тартып кеталбагандагы эң негизги себеби эмнеде? — Коррупциянын бүрдөп, гүлдөп, жайнап тамыр басып, чырмооктоп өсүп кетишинин түбү эмнеде?- Көпчүлүктү кантип кошоматчылыкка, дүжүрлүккө таптадыңар?- Эгер азыр кайра келип иштесеңер ишти эмнеден баштайт элеңер?- Силердей болбош үчүн мен ишти каягынан башташым керек?- Эмнени жасашым керек, эмнени жасабашым керек?- Мага кандай кеңеш бересиңер? — Эмнени жасабай калдым деп өкүнөсүңөр?

Элге жакын болуш үчүн эмне жумуш жасаш керек? Силер тоногон акчаларга завод, фабрика куруп элди иш менен камсыз кылса болот беле?- «Ичмейдин кусмайы бар»! Канча байлыкты артка кайтарып берип, эрдик жасай аласыздар?… ж.б.у.с. суроолор менен кайрылып, маек курсаң эмне үчүн болбосун?Дүнүйө талаштан, так талаштан башыбыз чыкпаганына 29 жыл болду. Хандарды туурап депутаттар, министрлер, генералдар, директорлор, паспортчулар, катардагы жетекчилер, бизнесчилер, базарчылар, баары сугунуп-сугунуп жешет. Эч ким «Тойдум, кудайга шүгүр» дей элек. Кыргызстандагы кен байлыктар менен бир эле биздин эмес, Бүткүл Дүйнөнүн элин багып койсо болот.

Бул жөн эле кат.Жазгым келди. Жаздым. «Жакшы тилек — жарым ырыс». Жаман ойду жазбагыла. Андан көрө Садырга бата берели!

БҮБҮКАН КАРАГУЛОВА