Милициянын кайгуул кызматы адашып жүргөн жаш баланы таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-октябрь күнү болжол менен саат 18:56 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Көлмө жаңы конушунда бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда 1992- жылы туулган М.Б. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 14:25 чамасында 7 ашар баласы үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча дайыны жок экендигин айтып, кызматкерлерден таап берүүсүн өтүнгөн.

Ыкчам издөө иш-аракетинин негизинде бала табылып, ата- энесине сак саламат өткөрүлүп берилген. Өз кезегинде баланын апасы милициянын кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.