Бишкек мэри Азиз Суркакматов шаар башчылык кызматтан кетип жаткандыгын Sputnik Кыргызстан агенттиги жазып чыкты.

Бул туурасында ал расмий түрдө жакынкы маалымат жыйында билдирерин айтты.

Бүгүн Бишкек мэриясында вице-мэрлер алмашып, Нариман Түлеев Бишкектин биринчи вице-мэри болуп келген.  

Түлеев 2008-2010-жылдары шаардын башчысы болуп иштеген эле.

Эске салсак, мэрди шаардык кеңеш дайындайт. Талапкерди фракциялар, Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы жана премьер-министр сунуштай алат.