Олигархтар, ойгонгула!

Грузин, армян, өзбек олигархтары чөгөлөп турган өз өлкөлөрүн жөлөп-таяп тургузуп коюшту. Мисалы, Өзбекстанда туулган Алишер Усманов Өзбекстанды гана эмес, Россияны да кез-кез каржылык жактан колдоп, ажаатын ачып келет.

Бизде долларовый миллиардерлер барбы, жокпу, билбейм. Долларга миллионерлер көп эле болуш керек. Мисалы, Бабанов, Салымбеков, Шаки, Раим Матраимов, Калыков Султан, Нурбек Осмонов, Урмат Барктабасов, Жоомарт Акжол уулу, Төрөбай Зулпукаров, Нурбек Алимбеков, Нариман Тулеев, андан сырткары Москва, Питер, Екатеринбургда жүргөн миллионерлерибиз бар.

Анан да кой-таштык гитарчы миллионерди унутууга такыр укугубуз жок.

«Жылкың тоонун чымчыгы», «Бай мактанса бир жуттук» дейт кыргыз. Азыркы заманда «Бай мактанса бир революциялык»!

Ызылдашып, жакалашып, бири-бирибизге акаарат айта бербей, ар бирибиз алыбыз жетишинче өлкөгө жардам кыла бербейлиби. Миллионерлер миллиондоп салсын, ошону менен алар элдин, мамлекеттин алдында социалдык милдетинен кутулсун.

Мага окшогон кембагалдар деле өзүбүзчө тыйын сала берели. Мен мисалы бедемдин акыркы орумун толук сырт карызды төлөөгө берүүгө даярмын.

«Көп түкүрсө көл болот». Мен жогоруда кеп кылган миллионерлердин кимиси өлкөбүзгө бир миллион доллар берсе, ичер суум түгөнгөнчө мактайын. Менин колуман келген андан башка өнөр жок.