Саясат

Путин Кыргызстандагы абал тууралуу биринчи жолу пикирин билдирди

Россия Кыргызстандагы окуяларга аяныч жана тынчсыздануу менен карай албайт, бирок кеңеш, көрсөтмө менен ички масалелерге кийилгишпейт жана өлкөдөгү айрым саясий күчтөрдү колдобойт. Бул тууралуу Россиянын Президенти Владимир Путин Валдай Путин «Валдай» эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып билдирди  деп жазат РИА Новости.

«Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Шайлоолордун арты менен элдик толкундоо келет. Бул эмнеден кабар берет? Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууну айтып келем. Бул өлкөлөрдөгү суверенитеттин калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн кеп-кеңештерди айтып ички иштерине кийлигишпөө керек. Эл ич ара мамилени өзү калыпка салышы зарыл », — деди Россиянын лидери.

Ал болуп жаткан иш-чаралар Кыргызстандын жана кыргыз элинин түйшүгү экендигин кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button