Унутулгус эмгек! Исхак Раззаковдун жаркын элесине таазим

Исхак Раззаков – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзүнүн өзгөчө, өчпөс орду бар инсан. Карапайым элдин жүрөк, дилине бекем да, терең орногон, ысымы ушунчалык сүймөнчүлүк менен аталган, жасап кеткен иштери кийинки муундарга да жарыгын тийгизип, үзүрүн берип келаткан Исхак Раззаковдой жаркын ысымдар кыргыз тарыхында өтө сейрек экендиги тарыхый чындык.

“СЕН СӨЗСҮЗ ОКУШУҢ КЕРЕК…

”Айтылуу агабыз 3 гана жашында энесинен, 8 жашында атасынан ажырап, жектимдиктин “ашын” жакшы эле ашаганы жалпыга маалым. Азыркы жаштар анчалык деле кадырын билбей калган, миң-миңдеген жетим балдарды окутуп-чокутуп, татыктуу тарбия, таасын билим берген (акысыз) Совет бийлигинин аталык камкордугу болбогондо Исхак Раззаковдун инсандык жылдызы жанаар беле, ким билет? Тажикстандын Кожент шаарындагы балдар үйүндө, андан соң Ташкендеги “Коммунар” мектеп-интернатында тарбияланган Исхак Раззаков илим-билимге ынтызарлыгы, жанда жок зиректиги, зээндүүлүгү менен башкалардан аттын кашкасындай айырмаланып тургандыктан, мугалимдери: “Сен сөзсүз окушуң керек!” – дешип, ага ак жол каалап, узатышыптыр.

ОН ТОГУЗ ЖАШТАГЫ РЕДАКТОР

Андан кийин Самаркандагы педагогикалык техникумду эң мыкты аяктаган Исхак Раззаковду ушул окуу жайына мугалимдик жумушка калтырышкан. Бирок, студент чагында эле А. Чеховдун, С. Есениндин бир топ чыгармаларын өзбек тилине которуп, бастырып чыгарышы анын адабиятка жакындыгын айгинелеп, республикалык “Шапалак” журналынын редакторлугуна которулат. Бул кезде ал болгону 19 гана жашта болчу.

ДИПЛОМДУК ИШИ БРОШЮРА БОЛУП БАСЫЛГАН

Билимге чаңкап турган агабыз бул ийгиликтери менен эле чектелип калбай, Москвадагы Кржижановский атындагы мамлекеттик пландоо институтуна барып кирип, аны Кызыл диплом менен бүтүрүп чыгат. Ушул институтту бүтүрүп жаткандагы дипломдук иши атайын брошюра болуп басылып чыккандыгынын өзү эле анын алыска канат сермеген кыраан инсандык дараметинен кабар берип койгон тура.

ӨЗБЕКТЕРДИН КЫРГЫЗ УУЛУ

Аталган окуу жайын аяктагандан кийин өзүн балапан кезден тарбиялап өстүргөн Өзбекстанга кайтып келип, алгач пландоо тармагында иштеп жүрүп, кийинчерээк бул өлкөнүн пландоо комитетинин төрагасы, эл агартуу министри, Өзбек ССРинин Коммунисттик партиясынын агитация жана пропаганда боюнча катчылыгына чейинки зобололуу кызматтарды аткарган. Өзбекстан Компартиясынын биринчи секретары, союздук масштабдагы абройлуу жетекчи Усман Юсупов Исхак агабызды өтө жогору баалаган. Ошол кезде Кыргызстанды башкарып турган С. Боголюбов: “Сиздерде бир тың чыкма кыргыз бар дейт, ошону бизге жөнөтпөйсүздөрбү?” – дегенде, “Аны дал сенин ордуңа даярдап, таптап жүрөбүз!” – деп, ачык эле айткан экен. Боордош бул эл – Исхак Раззаковду “өзбектердин кыргыз уулу” деп аташып, өз кулунундай сыймыктанышкан, азыр да сыймыктанышат.

“… ИСХАК РАЗЗАКОВДОН ҮЙРӨНГӨМ”

Белгилүү коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова мындайча эскерет: “1957-жылы республикабыз Ленин ордени менен сыйланды. Орденди Никита Сергеевич Хрущев өзү келип тапшырды. Эртеси Хрущев Ташкен тарапка учмак. Абдан толкунданып турган экен, “жүр” деди Исхак Раззаковичти. Ташкенге чейин узатып, пландалган иштери бүткөндөн кийинки кечедеги банкетте бал берилип, бийлешиптир.Хрущев бий боюнча биринчи орунду Раззаковго ыйгарыптыр. Анткени, ал өзбек бийин өзбектердин өзүнөн ашыра (дегеле кандай гана бий болбосун) катыра бийлээр эле. Ал кишинин үй-бүлөсүнө жасаган мамилесин, адамгерчилигин айта берсек ар бир деталы бардык жагынан үлгү болорлук. Ак ниет, чынчыл, принципиалдуу, сергек, кичи пейил, жөнөкөй, төрт тарабы төп келишкен инсан эле. Кандай гана адам болбосун, бир-эки сөздөн кийин кенен чечилип сүйлөшүүгө жол тапчу. Талапты да катуу койо билчү. Иштеги кемчиликтерди айтса да ал адамды кордоп, орой сөз айтчу эмес. Адамдын касиетин баарынан жогору койчу.Исхак Раззаков өткөргөн ар бир бюро өзүнчө эле университетке тете болчу. Раззаков доклад жасайт деген жерде зал ар дайым толуп калаар эле. Эл аны өзүнүн жакын адамы сыяктуу сыйлачу. Эгер менде кандай гана жакшы сапат, жөрөлгө болсо, мен алардын баарын Исхак Раззаковдон үйрөнгөм”.

ЧЕНДЕ ЖОК ЧЕЧЕНДИГИ

Орус, өзбек, тажик, жалпы эле фарсы, түрк тилдерин, кала берсе англисче окуп, түшүнө билген ар тараптуулугу, терең билими Исхак Раззаковдун мамлекеттик ишмер катары ажарын ачып, чырайына чыгарып турган. Баарынан мурда “караңгыдан көз тапкан, капилет жерден сөз тапкан” чечендиги жагынан союздук алкактан алганда учурунда ага теңдешээр эч ким болгон эмес. Мынчалык болду, Литва ССРинин КП БКсынын биринчи катчысы, чыгаан революционер А.С. Снечкусту кантип “отургузуп койгонун” айта кетпесек болбос. Ал киши кайсыл бир съездби, же бюродон кийинки банкетте Исхак Раззаковго тийишип: “Кыргыздар бешбармакты колу менен жешет дейт го. Ушул ыраспы?” – деп сураса, кайран киши ошол эле замат төмөнкүдөй жооп берген экен: “Ооба, колубуз менен эле жейбиз. Кесмени да колубуз менен эле ичебиз. Силер эмне, тамагыңарды бутуңар менен ичип-жейсиңерби?”.

УНИВЕРСАЛ ИЛИМДҮҮ ИНСАН

Коомдук ишмер Абдыкул Давлеткелдиевдин таңыркап да, тамшанып да жазган төмөнкү эскерүүсүн келтире кетели: “1951-жылы Кыргызстандын 25 жылдык юбилейи белгиленип калды. Москвадан Попов (ВКП(б)нын үгүт жана насыят бөлүмүнүң башчысы), Коваль (СССР композиторлор Союзунун төрагасы, профессор) баштаган көп коноктор келишип, кыргыз музыканттары, композиторлору менен жолугушуу өткөрүлдү. Исхак Раззаков жолугушуунун аягында жыйынтыктоо сөз сүйлөдү. Попов папиросун алып чыгып, ширеңке чакканы жатты эле, ошо ширеңкесин чакканга чамасы келбей, Раззаков сүйлөп бүткөнчө чечендигине таң калып, тиктеп отурду. Аңгемелешүү аяктап, профессор Коваль, айтылуу композиторлор Раухвергер, Фере, Власовдор менин кабинетиме келишип, минтип сурашты: “Бу Исхак Раззакович абдан кызыктуу киши экен. Консерваторияны качан, кай жерден, кайсыл жылы бүтүргөн?”. А мен болсо: “Бул киши эч кандай консерваторияны бүтүргөн эмес, кесиби – экономист-плановик” – дедим.

Алар абдан таң калышты. “Өзгөчө адам экен. Музыканы ушунчалык жакшы билген саясий кызматкерди биринчи жолу көрүп жатабыз. Москвада мындай кишилер жок” – дешти. Исхак Раззаков өз өлкөсүнүн маданият, искусство, адабиятына өзгөчө көңүл бөлүп, Манас эпосунун 1100 жылдыгын өткөрүүнүн демилгечиси болгон (!). Бирок, тилекке каршы, бул максатына жете албады. Анын түздөн-түз колдоосунун астында 1957-жылы “Манас” үчилтиги жарык көргөн эле. Казак элинин дүйнөгө таанымал жазуучусу Мухтар Ауэзов Исхак Раззаковго суктанып айтканы: “… Ташкенде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Кыргызстан өлкөлөрүнүн биринчи катчылары катышкан чоң жыйын өткөрүлдү. Мен да катышып олтурдум. Кунаев баш болгон бешөө чыгып сүйлөштү. Биз ойлочу элек, Кунаевдин алдына чыга турган киши жок го деп. Бирок, Раззаков чыгып сүйлөгөндө башкалары караандабай калды. Тайторуну чапкандай эле болду окшойт”.

КЫРГЫЗ ДЕП ЖҮРҮП…

Кайран киши кыргыз жергеси карегинен учуп жүрүп, 1979-жылы 19-мартта дүйнөдөн өтүп, сөөгү Москва шаарындагы “Кунцево” көрүстөнүнө коюлат. “Ак ийилет, бирок сынбайт” деп өзү айтмакчы, асыл агабыздын сөөгү 2000-жылдын 2-июнунда Москвадан алынып келинип, Ала-Арча кабырстанына коюлган.Исхак Раззаков жетектеген 16 жылдын ичинде Кыргызстандын өнөр жайы, айыл чарбасы, билим берүүсү, адабияты менен маданияты болуп көрбөгөңдөй өскөнүн төмөнкү фактылар тастыктап турат.

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ

Кыргызстан 1956-жылы биринчи жолу айыл чарбасы боюнча алдыга озуп чыгып, Ленин ордени менен сыйланган. Ушул эле жылы айыл чарба тармагында эмгектенген 45 эмгек алдыңкыларына Социалисттик Эмгектин Баатыры деген жогорку наам ыйгарылган. Орто-Токой суу сактагычы, Кулунду каналы курулган. Миллионер колхоздордун саны 177ге жеткен, Төө-Моюн, Арка, Савай, Отуз-Адыр, Кызыл-Жар дың жерлери өздөштүрүлгөн. Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатырлары – Зууракан Кайназарова, Алля Анаров, Хайтакун Таширов өңдүү даңазалуу адамдар дал ошол чакта өсүп чыгышкан.

ӨНӨР ЖАЙЫ

Кыргызстанда ири өнөр жай ишканалары тездетилген темп менен өнүгүп, М.В. Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын жасоочу завод, металл кесүүчү станоктор өндүрүшү, “Кыргызавтомаш”, Оштогу электро-механикалык заводу, Фрунзедеги бут кийим тигүүчү фабрикасы, Фрунзе ТЭЦи баш болгон 20дан ашуун ири өнөр жай ишканалары курулган. Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак көмүр кендери, азыркы Ош-Бишкек автомагистралы, Балыкчы-Бишкек темир жолу ошол кезде курулуп, ишке киргизилген.

БИЛИМ БЕРҮҮ, МАДАНИЯТ

1957-жылы 80 миң кенже жаштагы мектеп балдары акысыз тамак менен камсыз болгон. Кыргызстанда Илимдер Академиясы, “Кыргызстан” басмаканасы, Кыргыз мамлекеттик университети, Фрунзе политехникалык институту, Маяковский атындагы кыз-келиндер институту, Ош, Пржевальск пединституттары, дене-тарбия институту ж.б. көптөгөн жогорку жана атайын орто окуу жайлары ачылган. 1960-жылы өлкөдө 9 жогорку окуу жайы, 27 техникум иштеп, аларда 40 миңге жакын студенттер билим алышкан. Ошол эле учурда Исхак Раззаков жылына 80-100дөн ашык жөндөмдүү жаштарды Москва, Ленинград шаарларында окуттуруп, аларга стипендиясынан тышкары ар түрдүү жардам көрсөтүлүүсүнө такай көз салып турган. Кыргызстанда 115 газета, 37 журнал жарык көрүп, 1132 айылдык маданият үйлөрү, 1100 китепкана, 6 музей ишке киргизилген….

Ушундай зор, тарыхый ийгиликтер менен жетишкендиктердин башында жетим калып жетилген, табигый, тубаса лидер инсан, аруулук менен тазалыктын эталону – Исхак Раззакович Раззаков турган!

Абдиллабек АВАЗОВ,КР журналистер Союзунун мүчөсү,КР маданиятынын мыкты кызматкери. Исфана шаары. Октябрь, 2020-жыл.