Германиянын канцлери Ангела Меркель 2-ноябрдан баштап төрт жумага созула турган карантин киргизгенин жарыялады. Бийлик эпидемиологиялык кырдаал кандай өнүгүп жаткандыгына байланыштуу эки жуманын ичинде чектөөлөрдү кайра карап чыгууга ниеттенүүдө.

 Би-Би-Си билдиргендей, экинчи карантинге барлар, мейманканалар, кинотеатрлар, спорт залдар жана эс алуу борборлорунун жабылышы кирет. Ресторандар келүүчүлөрдү кабыл албай, алып кетүүчү тамактарды гана сата алышат. Дүкөндөр жана билим берүү мекемелери иштей берет. Адамдардын бири-бирине баруусуна уруксат берилет, бирок 10 кишиден ашпоосу керек.

“Саламаттыкты сактоо тутумунун кыйрашына жол бербөө үчүн катаал чектөөлөр керек”-, деди Меркел. Канцлер пандемияга байланыштуу олуттуу кырдаалды элдердин ортосундагы байланышты чектөө менен жоюу мүмкүн экендигин, ошол эле учурда экономиканы коргоого күч жумшагандыгын белгиледи.