Саясатчы бул  тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, интеренетте тараган үй аныкы эмес.

«Жалганчылар, токтоткула!

Жок дегенде Кудайдан корксоңор боло!

Бул үй меники ЭМЕС!

Көралбас жалганчыларга айтып коёюн.

Менин үйүм мындай эмес! 20 жыл мурун, 33 жашымда өзүм салган кичинекей эле үй! Ар бир айылда меникиндей үй бар!

Фейкке жамынып калп айткан адам, адашып калыпмын деп жазып койсун! Ошондо Кудай кечирет…»,- деген.