Улуттук онкология жана гематология борборунда онкологиялык оорулары бар бейтаптарды пландаштырылган жаткыруу токтотулду. Бул тууралуу Республикалык штаб  билдирди.   

№1, 2, 3, 4, 5, 9, 10, 11 бөлүмдөрү, чоң адамдардын гематология жана онкология бөлүмү,  анестезиология жана реанимация бөлүмү COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптардын жана кызматкерлердин болгондугуна байланыштуу карантинге жабылды.

Ал эми тез жардамга муктаж болгон бейтаптарды жаткыруу кадимки режимде жүргүзүлөт.  

«Химиотерапияны бөлүмдөрдө алган бейтаптар, аны алууну улантышат. Кайрадан кайрылгандар поликлиникадан кабыл алынат, ошондой эле, ал жерде амбулатордук шартта химиотерапия алган бейтаптар дарыланышат. Оор абалда бейтаптар кайрыла элек, алар профилдүү бөлүмдөргө жайгаштырылат», — деп билдирди мекеменин убактылуу директорунун милдетин  аткаруучу  Бактыгүл Султангазиева.

Онкологиялык илдети барларга атайын медициналык жардам көрсөтүү үчүн борбордун ичинде бөлүмдөрүндө орун алмаштырылууда.

Атап айтканда, балдарды амбулатордук түрдө кабыл алуу үчүн  №4 корпустун бир бөлүгү, кайрадан келген балдар үчүн №12 бөлүмдүн бир бөлүгү берилди. Онкогематология бөлүмүнүн 2-кабаты тез жардамга муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн берилди.   

Улуттук онкология жана гематология борборунун поликлиникасы штаттык режимде иштеп жатат.